Улуттук банктын төрагалыгына талапкер ага кылмыш иши козголгондон кийин ал чыгармачылык менен алектенип келгенин айтты

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңеште Улуттук банктын төрагасы кызматына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги каралууда.

Анда ага депутат Аалы Карашев чыгармачылык менен алектенип жүргөнү боюнча суроо берди. "Башкы редактор болуп иштепсиз. 11 жыл чыгармачылык иштер менен алектенипсиз. Эмне болгон чыгармачылык иштер? Бул тармакты унутуп калган жоксузбу?", - деп сурады депутат.

Бөкөнтаев: "Чыгармачылык иштер менен мага карата кылмыш иши козголгондо банктык системадан четтетишкен. Ошол учурда экономикалык макалаларды, китептерди жаздым. Ишти алып кеткенге көзүм жетет", - деди ал.

Бөкөнтаев депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып, Апрель окуясынан кийин "Өнүктүрүү фондунда 220 миллион сом бар" деп элге ачык айтканы үчүн убактылуу өкмөттүн куугунтугуна кабылганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан