"Мен сизди жеке билбейм. Бирок Курманбек Бакиевди кадры экениңизди билем", - деп бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Бөкөнтаевге кайрылды.
"Сиз Улуттук банктын төрагасынын орун басары болгонуңузда биздин өлкө акчалар жуулган кир жуучу машинага айланып калган. Канча банк сиздин убагыңызда банкрот болгон. Ошол убакта репутация жаман болгон. 11 жыл чыгармачылык менен алектенгениңизди айттыңыз. Суроолор боюнча маалыматыңыз жок экенин айтып жатасыз. Кантип иш алып кетесиз? 2010-жылы апрелде кызматыңыздан бошотулуп, сизге кылмыш иши козголгон. Эмнеге ошондо кылмыш иши козголгон?", - деп сурады ал.
Бөкөнтаев Апрель окуясынан кийин "Өнүктүрүү фондунда 220 миллион сом бар" деп элге ачык айтканы үчүн убактылуу өкмөттүн куугунтугуна кабылганын айтты.