Садыр Жапаров: "Эгерде жактоочулардын жардамы болбосо, сот иштеринде кыйынчылыктардан чыга алмак эмесмин"

"Жактоочулар сот адилеттигин жүргүзүүдө мыйзам менен адам укугунун үстөмдүгү деген принципти коргоонун бир негизи болуп эсептелет". Бул туурасында бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров жактоочулардын II съездинде айтты.

Президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришкендей, Садыр Жапаров жактоочуларга кол салуу, басым жасоо болуп же жалпысынан укук коргоо органдарына көз каранды болсо же соттор калыс болбой жактоочулардын эл аралык стандарттарында каралган функциялары сакталбаган, корголбогон учурларда жактоочулардын көз карандысыздыгына коркунуч келип, алар иш милдеттерин аткара албай турганын кошумчалады.

"Кыргыз сот адилеттигинин тарыхында соттун таразасына түшүп калган адамдын тагдыры күтүүсүз кокустуктарга туш болгон мисалдар көп. Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, кокус ага түшсөң андан оңой менен чыга албайсың.

Мен ошол жаргылчактын кыйынчылыктарын бир нече жыл бою башымдан өткөргөн адам катары айтып жатам. Чынын айтайын, эгерде жактоочулардын жардамы болбосо, биринчи кезекте алардын моралдык колдоосу болбосо, сот иштеринде башка түшкөн кыйынчылыктардан чыга алмак эмесмин", - деп айтып берди президент.

Мамлекет башчы адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык укук жактоочулардын маанилүү ролун таануу менен бирге мамлекеттин белгилүү бир милдеттерин да белгилерине токтолду. Мисалы эркиндигинен ажыратылып, камакка алынган адамдарга жактоочу камсыз кылуу, жактоочусу жок адамдарды көз карандысыз жана компетенттүү коргоочу менен камсыздоо, ал тургай айрым бир учурларда, акысыз таап берүүнү кепилдеген юридикалык жардамдарды түзүү, ошондой эле жазык сот өндүрүшүндө коргоочу менен айыптоочу тараптардын тең атаандаштыгына мүмкүндүк берүү милдеттери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан