Женевада "Кумтөр" маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду жыйынтыкталды. Кыргыз делегациясынан кимдер барган?

Женева шаарында "Кумтөр" маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Мындан мурда кыргыз тарапка "Центерра" компаниясынын жетекчиси Скот Перринин түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде Кыргыз Республикасы "Кумтөр Голд Компанинин" менчик ээси болуп калышы сценарийин дагы карап көрүү үчүн нейтралдуу территорияда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушу менен кат келип түшкөн.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча сүйлөшүүлөргө Кыргыз делегациясынын курамында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, «Кумтөр голд компани» компаниясынын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер жөнөгөн.

Тараптар бири-биринин пикирлерин угушту.

Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды жана зарыл болгон учурда аны улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен улантууга даяр", - деп билдирди Эрбол Султанбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан