Мелис Турганбаев бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Мурдагы ички иштер министри, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-башчысы Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

"Мелис Турганбаев бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөттү. Ал №28 Октябрь районунда шайлоого катышканы жатат. Талапкер БШКга документтерин тапшырды, эми ал депутаттыкка талапкер катары катталып, күбөлүк бериши керек", - дешет мекемеден.

Шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер 13-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан