Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастанбек Жумабеков алдыдагы парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Дастанбек Жумабеков бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөттү. Мурдагы спикер Талас облусундагы №20 Манас шайлоо округунан ат салышууга ниеттенүүдө.
Шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер 13-октябрда саат 18:00гө чейин кабыл алынат.