Бүгүн, 6-октябрга караган түнү Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз менен кез келип, 7:0 эсебинде жеңип, экинчи ирет катары менен Дүйнө чемпиону аталды.
Бул Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы тарыхый көрсөткүч. Буга чейин кыз-келиндер боюнча эч ким Дүйнө чемпиондугун жеңген эмес. Болгондо дагы эки жолу.
SUPER.KG порталы тарых жараткан Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттешинин сүрөттөрүн топтоду.
Айсулуу Тыныбекова муну менен Кыргыз курамасына Дүйнө чемпиондугундагы үчүнчү медалды алып келди. Буга чейин 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев күмүш, 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло байге уткан.