Осло: "Алгачкы медаль". Алибек Осмонов Дүйнө чемпиондугунда коло байге утту

Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта коло байгеге ээ болду.

Коло байге үчүн күрөштө Алибек Осмонов польшалык Кшиштоф Бенковский менен кез келди.

Биринчи бөлүк башталары менен Алибек Осмонов каршылашынын аркасына өтүп 2 упай алды. Биринчи бөлүк аяктарына 20 секунд калганда Алибек Осмонов дагы бир жолу атаандашынын аркасына өтүп 2 упай ала алды.

Экинчи бөлүктө атаандашы Алибек Осмоновду килемдин сыртына түртүп чыгарып 1 упай алды. Жыйынтыгында эсеп 4:1 болуп, Алибек Осмонов Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду.

Муну менен Алибек Осмонов Кыргыз курамасына Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы медалды алып келди.

Алибек Осмонов 1/16 финалда франциялык Марван Йезза аттуу балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, 1/8 финалда бразилиялык балбанды 12:2 эсебинде жеңген. Ал эми 1/4 финалда украиналык күчтүү делген Василий Шуптар менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 6:3 эсебинде жеңишке жеткен. Жарым финалда кыргыз балбаны ирандык Амирмохаммад Язданичератиге 5:4 эсебинде жеңилип калган.

Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта быйыл, 2021-жылы өлкө чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Eden-Hazard
2021-10-04 22:57:46
Куттуктайбыз!
+2
AJow
2021-10-05 00:26:01
Азамат! Намыска жарадын! Куттуктайбыз!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан