Осло: Орусиялык машыктыруучулар Мээрим Жуманазарованын жарым финалдык беттешине каршы чыгышты

Күрөш боюнча Орусия курамасынын машыктыруучулар штабы Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугундагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмактагы жарым финалдык беттешти тейлеген калыстарга каршы даттанат. Бул тууралуу Орусиянын күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили жергиликтүү басылмаларына билдирген.

"Биз нааразычылык билдирип жатабыз. Акылсыздык менен чектелген одоно ката кетти. Таблодогу көрсөтмө боюнча Велиева финалга чыгышы керек болчу", - деген Мамиашвили.

Мээрим Жуманазарова жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңип алган. Муну менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкса, Ханум Велиева коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ErkinOkenovich
2021-10-07 12:14:25
Женилген курошко тойбойт дечу беле?
+18
Simels
2021-10-07 12:22:09
Молодец Мээрим!!!
швили пшвили силердин чырдаганыңардан эчтеке чыкпайт! Биздики таза жеңиш!!!
+24
alinsan
2021-10-07 12:38:02
таза эле жениш болду, орустар кучко салып алып койбосо болду
+14
almanbetperm
2021-10-07 13:36:52
alinsan,кучко салалбайт, эчким колдобойт азыр аларды)))
+12
Asmat84
2021-10-07 13:59:04
Орустар дайым эле ушинтип ызы чуу кылып эле жүрүшөт
+7
Chagylgan7
2021-10-07 14:02:45
Жалоб кылышса деле толк жок го дейм,убагында Тыныбекова деле Риодо эчнерсе кылышкан эмес .Бул убакка чейин да уга элекмин ,калыстын чечимин жокко чыгарып же жумуштан алынып салынганын .Дагы билбейм
+6
Islam98
2021-10-07 16:33:50
Биринчи мамлекеттик желегин желбиретип чыгып алышсынчы!Баары билет буларды кантип женип жургондорун!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан