Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.
Мекендешибиз жарым финалдык баскычта орусиялык күчтүү делген Ханум Велиева менен беттешип 3:3 эсебинде жеңип алды.
Алгачкы бөлүктө активдүүлүк көрсөтпөө себеби менен орусиялык балбан кызга 1 упай берилип, каршылаштын пайдасына жыйынтыкталды.
Ал эми 2-бөлүктө Мээрим Жуманазарова атаандаштын артына өтүп 2 упай алды. Андан соң орусиялык балбан кыз дагы 2 упай иштеп тапты. Беттештин бүтөрүнө аз гана убакыт калганда мекендешибиз Мээрим Жуманазарова каршылашын килемден түртүп чыгарып эсепти теңеп кетти. Беттеш 3:3 эсебинде аяктап, күрөштүн эрежесине ылайык, акыркы упайды иштеп тапкандыгы үчүн кыргыз балбан кызына жеңиш ыйгарылды.
Мээрим Жуманазарова эми финалда алтын үчүн күч сынашат.
Эске салсак, Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунда алгачкы беттешинде түштүк кореялык балбанды таза жеңиш менен утуп алган.
Ал эми чейрек финалда канадалык Грейс Ди Бакко аттуу спортчу айым менен күч сынашып, 7:1 эсебинде жеңишке жетишкен.
Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк олимпиадада медаль уткан алгачкы кыргыз кызы. Ал Токиодо өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарында коло байге жеңип алган.