Бүгүн, 7-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун бешинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна 82 килограмм салмакта катышкан Калидин Асыкеев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда азербайжандык Рафик Гусейнов менен кез келди.
Беттештин биринчи бөлүгү 1:0 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктаган. Экинчи бөлүктө Калидин Асыкеев активдүү күрөшпөгөнү үчүн калыс ага партер абалын берди. Андан пайдаланган азербайжандык балбан 10 упай алып, 11:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Кыргыз балбанынын Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү Рафиг Хусейновдон көз каранды.
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын чейрек финалында дал ушул азербайжандык балбан менен кез келип, 9:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.
Калидин Асыкеев быйылкы өлкө чемпиондугунда 82 килограмм салмакта чемпион аталган.