Кыргыз балбаны кызы Мээрим Жуманазарова Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалындагы ийгиликтүү беттешинен кийин видео кайрылуу жасады.
"Бул спортко келишиме атам түрткү болгон. Эсимде, эң биринчи мектепте линейкада атам бардык окуучуларга күрөш ачылып жатат келгиле, кыздар дагы келсе болот деп айткан. Биз кыздар дагы күрөшсө болобу деп таң калганбыз. Башында залга 15-20 кыз барганбыз. Андан кийин барган сайын азайып, аягында залда атам экөөбүз эле жалгыз калганбыз.
Айылда дагы кыздар күрөшөт десе эркектердей болуп эмне кыласыңар деп башкача кабыл алышчу. Бирок биз буга көңүл бурбай, чоң ийгиликтерге жетели деп аракет кыла берчүбүз", - деди Жуманазарова.
Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун финалында япониялык Рин Мияджи менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып жеңишке жеткен.