Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды.
Жуманазарова финалдык беттеште япониялык спортчу Рин Мияджи менен күч сынашып, 2 мүнөткө жеткирбей таза жеңиш менен жеңип алды.
Беттештин биринчи бөлүгү башталгандан 2 мүнөт өтпөй Мээрим Жуманазарова атаандаштын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.
Муну менен Мээрим Жуманазарова чоңдор арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болду.
Эске салсак, Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунда алгачкы беттешинде түштүк кореялык балбанды таза жеңиш менен утуп алган.
Ал эми чейрек финалда канадалык Грейс Ди Бакко аттуу спортчу айым менен күч сынашып, 7:1 эсебинде жеңишке жетишкен.
Жарым финалда орусиялык балбан кыз Ханум Велиева менен кез келип 3:3 эсебинде беттешти жыйынтыктаган. Эрежеге ылайык акыркы упайды иштеп тапкандыгы үчүн кыргыз балбан кызына жеңиш ыйгарылып финалга чыккан.
Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк олимпиадада медаль уткан алгачкы кыргыз кызы. Ал Токиодо өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарында коло байге жеңип алган.