Бүгүн, 8-октябрга караган түнү Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова япониялык Рин Мияджи аттуу балбанды жеңип, Дүйнө чемпиону аталды.
Мээрим Жуманазарова финалдык беттештин биринчи бөлүгүндө эле атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишке жетти. Калыс беттешти токтоткондон кийин ордунан туруп сүйүнүп кетпестен, атаандашынын акыбалын сурап, анын аксап басып жатканын көрүп, килемдин сыртына чейин аны кармап келди.
Мээрим Жуманазарова муну менен Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кыз-келиндер арасында экинчи Дүйнө чемпиону болду.