Күрөш: Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү

Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткандан кийин дүйнөлүк рейтингде кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта экинчи орунга жайгашты. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

Кыргыз балбан кызынын карамагында 114 упай бар. Рейтингде биринчи орунда жарым финалда күтүүсүздөн япониялык балбанга жеңилип калган америкалык Тамира Мариама Менса. Анын карамагында 123 упай бар. Ал эми үчүнчү орунга Мээрим Жуманазарова "Токио-2020" Олимпиадасында чейрек финалда жеңилип калган нигериялык Блессинг Оборудуду жайгашты. Нигериялык балбанда 90 упай бар.

Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун финалында япониялык Рин Мияджи менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-10-08 09:17:27
Азамат Мээришка, буйруса 1дагы биз тарапта.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан