Садыр Жапаров Владимир Путинге Татарстандагы авиакырсыктан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге жарандык учактын кырсыкка кабылуусунан улам каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

"Орусия Федерациясынын Татарстан Республикасындагы Мензелинск районунда болгон авиакырсыктан улам каза тапкандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ошондой эле бул трагедиядан жабыркагандардын баарынын тез арада сакайып кетишин каалайм", - деп белгиленет телеграммада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан