Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевден министрлер кабинетинин жаңы курамын текшерүүнү суранды. Мындай пикирин Исаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтты.
"Эми Жогорку Кеңештин депутаттары же башка саясатчылар сиздин ишиңизге кийлигишпейт, баары сиздин колуңузда. Сураныч, азыркы жаңы команданы мурунку команданы текшергениңиздей текшериңиз. Биз мурунку аткаминерлерди текшергенден көрө, буга алдын ала күрөшүшүбүз керек. Мурункулар менен бирге көп нерселер ачылды", - деп кайрылды Канат Исаев Камчыбек Ташиевге.
Кечээ, 12-октябрда Улукбек Марипов жетектеген Министрлер кабинетинин курамы отставкага кетип, жаңы курам белгилүү болгон.