Депутат Никитенко: "Акыркы учурларда курч маселелерди кароодо Жогорку Кеңеш кечигип жатат"

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко "Кумтөр" боюнча маалымат угууну сунуштады.

"Жогорку Кеңеш акыркы учурларда кечигип иштеп жатат. Өлкөдөгү курч маселелерге реакция кылуу боюнча кезигип жатабыз. Күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу маселе күн тартибине кирди. Бирок азыр күздүн ортосу болду. Мен мурунку айда бул боюнча кайрылгам. "Кумтөрдө" эмне болуп жатканы боюнча маалымат угушубуз зарыл. Депутаттардын суроо-талаптарына жооп жок. Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча келишимдерди кабыл алып берген, маалымат алганга укугу бар. Жакынкы күндөрү маалыматтарды угушубуз шарт", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан