Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатат. Анда депутат Абдывахап Нурбаев мугалимдердин айлыгын көтөрүү керектигин айтты.
"2022-жылы мугалимдердин айлыгын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк барбы? Улуттун сапаты билим берүү системасына байланыштуу. Билимдин сапаты мугалимдерге байланыштуу. Айлык аз болсо биз алардан талап кыла албайбыз. Мугалимдерге көңүл буруу керек", - деди Абывахап Нурбаев.
Акылбек Жапаров: "Быйыл укук коргоо органдарынын айлыгын көтөрдүк. Кийинки жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз", - деди.