"Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайда жоголуп кетти?". Мындай суроону бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Улукбек Ормонов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолдоду.
"Тилекке каршы, министрлик өзүн-өзү көрсөтө алган жок. Өткөн бийликтин учурунда акыркы 3 жыл бою президенттин указы менен санариптештирүү эң приоритеттүү тармак катары каралып турду, бирок эч бир дайыны жок. Менин сунушум менен урматтуу президент анын саясатын Транспорт министрлиги жүргүзөт деди.
Ушуга чейин өлкө боюнча бир дата-борбор жок, бүт баары чар жайыт экен. Республиканын өзүндө да, министрликтердин ичинде да иреттүүлүк жок", - деди Жапаров.
Улукбек Ормонов анын саясатын ооштурууну көпкө создуктурбай, тез аранын ичинде жөнгө салуу керектигин кошумчалады.