Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жаңы курамына: "Мындан ары талаптар катуу болот"

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеште президент Садыр Жапаров билдирүү жасап жатат.

"Биринчи кезекте Жогорку Кеңешке министрлер кабинетинин жаңы түзүмүн жана курамын карап, колдоп бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Муну менен ушул жылдын апрелинде жалпы элдик добуш берүү аркылуу кабыл алынган Баш мыйзамыбызды толук кандуу иштеп баштоосуна жол ачып бердиңиздер. Жооптуу кызматка дайындалышыңыздар менен куттуктайм. Ошол эле учурда сиздердин алдыңыздарда элдин жүгүн аркалап, калктын үмүтүн актоо милдети тургандыгын баса белгилеп кетейин. Мамлекетибиздин, элибиздин келечеги үчүн жан үрөп, талыкпай, тынымсыз иш алып барасыздар деген ишенич бар. Сиздердин алдыңыздарда олуттуу жана тез арада чече турган бир катар тапшырмалар турат. "Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт" дегендей, алдыда кыш келе жатат.

Министрлер кабинети бүгүндөн тартып элдин камын көрүп, даярдык иштерин активдүү улантыңыздар.
“Көрбөйт деп уурулук кылба, укпайт деп ушак айтпа” дегендей, сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр коомчулук менен бирге мамлекет башчысы катары менин дагы тыкыр көзөмөлүмдө болорун эсиңиздерге сала кетейин.

Ошондуктан ар бириңер мамлекеттик кызыкчылыкты бийик тутуп, өзүңөргө тиешелүү иш-милдеттерди таза, так, ыкчам аткарышыңар зарыл.

Мындан ары талаптар катуу болот. Жарандардын кайрылуулары жоопсуз калбай, оң жагына, ыкчам чечилүүгө тийиш.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү элдин жашоосу менен жакындан тааныш болушу керек.
Элге жакын болуп, аймактардагы көйгөйлөрдү жатка билишиңиздер зарыл. Ошону менен бирге аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштаңыздар!",
- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан