Садыр Жапаров: "Партиялар, талапкерлер, добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонууну мен токтотоюн"

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров билдирүү жасады.

"Алдыда парламенттик шайлоо келе жатат. Айрымдары партия менен, кээ бири бир мандаттуу округдан шайлоого аттанып жатасыздар. Мен сиздерден шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү деп суранам. Партиялар, талапкерлер, добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонууну мен токтотоюн. Буга менин эрким, күчүм да жетет. Мурдагыдай мугалим, дарыгер, мамлекеттик кызматта иштегендер партияга, талапкерге иштөөгө бөгөт коёбуз. Мамлекеттик кызматкер талапкерге же партияга иштеп жатканын көрсөк кызматтан алып эле тим болбостон жазага тартабыз. Мамлекеттик кызматкерлер шайлоону так, таза өткөрүүгө милдеттүү. Добуш сатып алам дегендерди колго чабыш керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан