Сунушту кабыл алып... Камчыбек Ташиевдин иниси бир мандаттуу округдан депутаттыкка барат

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев бир мандаттуу округдан шайлоого аттанды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ал №14 Жалал-Абад округунан шайлоого барат. Шаирбек Ташиев буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып анын шайлоого катышуусун жергиликтүү эл суранып, сунуштап жатканын айткан.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин саны 387ге жеткен, эки талапкер баш тарткан. Аларды кошпогонда алардын саны 385 болду.

Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктады. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан