Осло: Дүйнө чемпиондугунда медаль уткан Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов кичи мекени Нарынга барды (фото)

Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш жана коло медаль уткан балбандар Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов кичи мекени Нарынга барды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясы билдирди.

"Ийгилик менен кайткан спортчуларды тосуп алуу иш-чарасына Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев баштаган бир катар жетекчилер, студенттер, жергиликтүү тургундар катышты", - деп жазылат билдирүүдө.

Эрназар Акматалиев Нарын шаарынын "Ардактуу атуулу " төш белгиси менен сыйланып, Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык кеңешинин ыраазычылык каттары тапшырылды. Мындан тышкары, Алибек Осмонов Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык кеңешинин ыраазычылык каттары менен сыйланып 20 миң сомдун, машыктыруучу Эламан Мамышовго 10 миң сомдун сертификаттары тапшырылган.

Эрназар Акматалиев Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда 70 килограмм салмакта күмүш байге утса, Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта коло медалга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
malika79
2021-10-14 20:05:15
20 миң 10 мин дейби уятго
+6
Ak_Bulut
2021-10-14 21:21:12
Эми эт жешет ))
+2
Jaka1978
2021-10-14 21:55:17
Азаматтар
+2
voennyi88
2021-10-14 22:01:48
Уялчаак депутат көрүнбөйтко.
+3
Mina24
2021-10-15 07:50:13
Шаки салымбеков окшогондор кайда я
+2
Asmat84
2021-10-15 11:13:18
Mina24, Салымбековдон кессен кан чыкпайт го . Азыр Кыргызстанда номер биринчи бай адам Салымбеков болсо керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан