Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айткандарына президент Садыр Жапаров көңүл бурушу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Президент Садыр Жапаров Эдил Байсаловдун айткандарына көңүл бурушу керек. Бул талапкерлерге жана шайлоочуларга карата кысым", - деп жазды ал.
Байсалов "Азаттыктын" берүүсүнө катышып жатып, президенттин саясатын колдогон депутаттар менен гана иштеше турганын айткан. "Мен келечектеги парламентке өкүл боло тургандардын ар бирине ийгилик каалайм. Кайсы гана партия өтпөсүн, алардын арасында президенттин саясатын колдогондор түзүлөт. Биз мурдагыдай парламенттин каалоосу менен кетип калбайбыз. Бизге азыр 90 депутаттын пикиринин кереги жок. Ар бир депутаттын артынан чуркабайбыз, 45 же 50 депутат менен иштеше беребиз. Калгандарыңар жер тепкилеп, кыйкырып жатсаңар да укпайбыз, алаксыбайбыз, кылыбыз да кыйшайбайт. Элибиз президентти, азыркы бийликти колдойт", - деген Байсалов.
Берүүгө Байсалов менен чогуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов жана Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» партиясынын теңтөрагасы Мирлан Жээнчороев катышкан.