Бүгүн, 15-октябрда балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун ачылышына каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону өтүүдө.
Анда президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышууда. "Бул имарат 2000-жылдан 2005-жылга чейин "Мээрим" фонду тарабынан дубалы тургузулуп, 2005-жылдан бери токтоп калган экен. Айрым мамлекеттик имараттарга окшоп жок болуп кетпей бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Быйылкы жылдын март айында министр менен кыдырып чыгып, тапшырма бердим. Демөөрчүлөр менен иштеңиз дедик эле. Мекендештердин жардамын сурайлы деп марафонду уюштуруп жатабыз. Кудай буюрса, келерки 1-июнда бүтүрүп ишке киргизебиз деген максаттарыбыз бар. Бүгүнкү салымдарыбыз жетпесе, жалпы республикалык бюджеттен каражат бөлүп беребиз", - деди Садыр Жапаров.