Депутаттар Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчисин сындашты

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбековдун отчётун башка күнгө жылдыруу сунушун айтты.

Артыкбаев элчи ооруп калганын билдирди.

Анда депутат Абдывахап Нурбаев Жаныш Рустенбеков тууралуу Жогорку Кеңеш чечим кабыл алып бергенин эскертип, ал качан кызматтан бошотула турганын сурады.

Министрдин орун басары бул боюнча президенттин буйругу чыга электигин айтты. Буйрук чыкканга чейин кызматта болорун белгиледи.

Нурбаев: "Качан бул маселени чечесиңер. Тез арада бул маселени чечүү керек. Элчи боюнча көп сын-пикирлер айтылды. Буйрук чыгып калса каралбай калабыз", - дейт.

Артыкбаев: "Тажикстандагы элчи айыгып келсе отчёт берет", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан