Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын башкармалыктарынын башчыларын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарлыктарга ылайык:
- Укушов Мурат Каниметович президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы;
- Эргешов Алтынбек Калдарович президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
- Кожоналиев Кубатбек Азатович президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы;
- Исанов Алмаз Насирдинович саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.