Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин үстүнөн добуш сатып алуу боюнча арыз түштү

БШКнын координациялык тобуна №32 Кочкор шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Ормон Нурбек уулунун үстүнөн арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын координациялык тобунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №32 бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ормон Нурбек уулу Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу менен шайлоочулардын добуштарын, ошондой эле Департаменттин кызматкерлерин сатып алган деп шектелүүдө. Маалымат текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине берилди.

"Өз арызында Н.Бакаев Нурбек уулу Ормон тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарын бузгандыгын көрсөтөт, анын аракетине, ошондой эле видеодо көрсөтүлгөн фактыларга укуктук баа берүүнү суранган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан