Насирдин Исановдун баласы президенттин администрациясынын башкармалыгынын бирин жетектейт

Насирдин Исановдун баласы Алмаз Исанов президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болду.

Кечээ, 18-октябрда президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын башкармалыктарынын башчыларын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койгон. Анда 4 башкармалык түзүлгөн.

  • Укушов Мурат Каниметович президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы;
  • Эргешов Алтынбек Калдарович президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
  • Кожоналиев Кубатбек Азатович президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы;
  • Исанов Алмаз Насирдинович саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан