Эдил Байсалов жаңы кызматка келиши жөнүндө: "Өлкө башчысы өзү сунуштап жатса кабыл албай коюу жигиттикке жатмак эмес"

Өткөн аптада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Эдил Байсалов "Ала-Тоо 24" каналында түз эфирде маек берди. Анда ага "Алгач аталган кызматка келип калууңуз тууралуу айтсаңыз, сизге сунуш болдубу, ал күтүүсүз болгон жокпу, сиз кандай кабыл алдыңыз?" деген суроо берилди.

"Бул мага күтүүсүз деле болгон жок, анткени буга чейин дагы сунуштар болуп келген. Бирок мен Кыргыз өлкөсүнүн Улуу Британиядагы элчиси катары көптөгөн пландарым жана жумуштарым бар эле. Ал жакка башынан эле чоң пландар менен баргам, бирок элчи байланыштарды таап, ишенимге кириш үчүн убакыт керек да. Мен пландарымды ишке ашырам деп аракет жасап жатканда пандемия башталды, жөн эле күтүп калдык. Ошондуктан мен биринчи сунуштарда мунун баарын таштап келе бергим келбей, пандемияга туш келип калганыма ыза болуп жүрдүм.

Бирок анан өлкө башчысы өзү сунуштап жатса мындай жоопкерчиликти кабыл албай коюу жигиттикке жатмак эмес. Жөн эле сын айтпастан өлкөнүн өнүгүшүнө өзүм да салым кошууга катышуу мүмкүнчүлүгү деп билдим. Мен өтө тездик менен өнүгүп жаткан көптөгөн өлкөлөрдү көрдүм, ошол жакта жүргөндө сенин өлкөң такыр алдыга жыла албай турганын ойлонгондо кадимкидей жүрөк тилинет. Жаңы түзүлгөн министрлер кабинетине абдан чоң дымактуу милдеттер илинди, бардык жоопкерчиликти сезип турам. Бирок туура курам болду деп ойлойм жана биз ишенимдүү түрдө дымактуу пландарды ишке ашырабыз деп ишке кириштик", - деди ал.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Улукбек Марипов жетектеген министрлер кабинети тарап, министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөн. Анын башында мурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан