Эдил Байсалов Улукбек Марипов тууралуу: "Анын өкмөтү чечимдерди кабыл алууга көп убакыт сарптап койду, президент болсо ыкчамдыкты каалап жатат"

"Улукбек Марипов башында турган өкмөт чечимдерди кабыл алууга көп убакыт сарптап койду, бул президент күткөн жыйынтыкка төп келбей калды". Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде айтты.

"Мен бизден мурунку өкмөттүн башчысы Улукбек Асамединивич (ред. Марипов) жөнүндө бир, эки ооз сөз сүйлөгүм келип жатат. Ал бул кызматка келерде абдан көп адам аны колдоду, чынында туура талапкер болчу. Ал 5 жыл иштеши керек болчу, бирок ушундай болуп калганы өкүнүчтүү. Мариповдун өкмөтү Садыр Жапаров күткөн нерселердин баарына туруштук бере албай калды. Жапаров көпкө ойлонуп, шашпай чечим чыгарууну жактырбай жатат, ал жогорку темп, тез чечим чыгаруулар жана секирик жасаган чоң өнүгүүнү каалап жатат. Азыр биз ошондой чоң секирик жасаганда гана буга чейин батып калган баткактан бир аз чыгып, темпти кармап, жок дегенди жакынкы өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө бир аз жакындайбыз.

Ошондуктан Мариповдун өкмөтү чечимдерди кабыл алууга эле көп убакыт сарптап коюшту. Ал Эсеп палатасынан келди, балким, кайсы бир жагдайларды билүүгө убакыт кетип жатты. Ошентип тилекке каршы, өлкө башчысы күткөн жыйынтыкты бербей калды", - деген Байсалов жаңы түзүлгөн министрлер кабинети кандай жагдайда иштей турганына да токтолду.

"Эми министрлер кабинетинин жаңы курамы - биз жаңы чечимдерди өтө тез, бир нече күндүн ичинде кабыл алабыз. Жылдап кабыл алынбай, ары-бери айланып жүргөн токтомдор толтура. Биз болсо чечимдерди кабыл алабыз, айта кетүү керек, туура эмес дагы чечимдер кабыл алынып калышы мүмкүн. Андан коркпош керек, такыр эч нерсе жасабай отургандан көрө ишенимдүү түрдө, өтө ыкчамдык менен иштөө зарыл. Бизге биринчи жыйынтык үчүн коомчулук 3-6 ай беришин каалайт элем.

Мурда президенттик аппарат менен өкмөттүк аппарат окшош эле кызматты аткарып, бири-бирин туураган кызмат болчу. Көпчүлүк кайсынысына кайрыларын билбей дагы баштары айланчу. Азыр эми министрлер кабинетинин төрагасы ошол эле учурда президенттик администрацияны дагы жетектей турган болду. Бул жаңы ыкма, жаңыча иштегенге мүмкүнчүлүк. Мурда өлкөнүн премьер-министри деп аталганы гана болбосо анын үстүндө кем дегенде 15 адам башкарып турчу да, азыр андай эмес, министрлер кабинетинин төрагасынын ыйгарым укутары 10 эсеге жогору боло тургандай шарт түзүлдү.

Азыр бизге коюлган милдеттерди аткарууга абдан аз убакыт бар, ошондуктан төрага бардык мүчөлөргө ишенет, ошол стратегияларды аткарууга чечимдерди өтө тездик менен кабыл алат", - деди Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан