Чүй облусунун Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы Эркин Иманкулов өз ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Мындан тышкары Баткен облусунун Кадамжай районундагы Балдардын спорт мектебинин директору Замирбек Сыргабаев дагы ээлеген кызматынан бошотулду.
Эркин, адилет жана таза шайлоону камсыздоо үчүн администрациялык ресурс түрүндө жарандардын эрк-ниетин билдирүүсүнө кандайдыр бир таасир этүүнүн болбогондугу абдан маанилүү. Ошондуктан жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жетекчилердин бийлик ыйгарым укуктарын токтотуу процесси талапкерлер үчүн тең атаандаштыкты камсыздоо зарылдыгын түшүнүү бар экендигин күбөлөндүрөт.
БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайыктыгын текшерүүнү улантууда.