Чехиянын президенти Милош Земан ушул тапта ден соолугуна байланыштуу милдетин аткара албай жатат, анын ишине кайтуу ыктымалдуулугу өтө төмөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, президент ооруканада бир аптадан ашык убакыттан бери жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул кабарды дүйшөмбүдө Чехия парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Милош Выстрчил да айткан. Анын пикиринде, президенттин милдетин өлкөнүн башка жетекчилерине өткөрүп берүүдөн башка жол жок.
Ошол эле маалда Земандын айланасындагылар президент оорусуна карабай иштей ала турганын айтышып, президенттин саясий атаандаштарын сындашууда. Бул арада көптөгөн саясатчылар Земандын жанындагылар президенттин сыркоолоп жатканынан пайдаланып жатышканын жана коомчулукка туура эмес маалымат таратылып жатканын билдиришкен.
Милош Земан бир айдан ашык убакыттан бери эл алдына чыга элек. Чехиянын президенти 10-октябрда ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул оппозиция көпчүлүк башкарууну алары дайын болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан күндүн эртеси болгон.