Таластын мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү: "Коронавирусту 3 айга жакын Таластын босогосун аттаткан жокпуз"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев болду.

Ага "Өлкөдө коронавирус илдети келгенде алгачкы 3 айда Таласта бул оору катталган жок. Мында сиздин эмгегиңиз бар дешет. Өзүңүз да ошондой деп эсептейсизби?" деген суроо берилди.

"Коронавирус илдети тууралуу бизди өкмөткө чакырып айтып түшүндүрүштү. Мурун байыркы дарыгер Абу Али ибн Сина жана анын эмгектери тууралуу маалыматым бар эле. Анда ушул сыяктуу эле ооруну кантип алдын алуу керектиги айтылат. Мисалы, көчөгө чыкпоо, базарга барбоо, үйдө отуруу деген сыяктуу. Таласка барып дароо жолдорду жаптым. Ал учурда өкмөттүн алгоритми да бар эле. Элге, менин командама рахмат. Алардын күчү менен коронавирусту 3 айга жакын Таластын босогосун аттаткан жокпуз.

Кыйынчылыктар болбой койгон жок. Тартипке баш ийбегендерге чара көрүүгө туура келди. Анткени обсервацияга жатпайм дегендер болду. Дарыгерлер менен кайсы районго жардам керектигин кеңешип жаттык. Бул жеке менин эмес, командамдын да ийгилиги", - деди ал.

Марат Мураталиев: “Өлкөдө коронавирус катталганда Таласта Абу-Али ибн Синанын принциби менен иш алып бардык“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан