"Министрлер кабинети Баткенге эл тарабынан берилген жардамдардын отчётун бербей жатышат", - деп бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.
"Биз протоколдук тапшырма берсек министрлер кабинети укпай жатат. Кулагынын жанына өтүп кетип жатат. Үч депутат Баткенге эл тарабынан чогулган акчанын отчёту берилбей жатканын айтты. Өткөндө министрлер кабинетинин өкүлү комитетте 110 миллион сом топтолгонун айтып жатат. Башка жакта башкача айтып жатышат. Акча кайсы жакка кеткени боюнча маалымат жок. Аз күндөн кийин тарап кетебиз, жок кылышат. Кийинки жыйында министрлер кабинети бизге ачык маалымат беришсин", - дейт Шайлообек Атазов.