Депутат Абдывахап Нурбаев Ак Үйдү оңдоп-түзөө үчүн каражат чогултулганы боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ак Үйдүн ремонтуна акча чогултуп бергенбиз. Эч ким отчёт бербей жатат го. Акча кайда кетти, ким иштетти?! Кийинки аптада бул боюнча отчёт берсин!" - деди ал.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул эске алына турганын айтты.