Депутат министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө: "Жомокту айтпагыла, элди алдабайлы"

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында күз-кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу маселе каралып жатат.

Анда депутат Аманкул Токтомамбетов министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө кайрылды. "Мага көп сүйлөгөн жарашпайт. Кара-Кеченин тургуну катары жөн эле жомокторду айтпагыла. Кара түтүндү эмнеге эрте чыгарып жатасыңар так жооп бергиле! Элди электр энергияга табабыз деп алдап жатасыңар. Жомокту айтпагыла. Бишкекти кара түтүн каптап жатат. Былтыр кара түтүн 10-ноябрда каптаган. Быйыл эрте каптап жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан