Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңеште Илим Карыпбеков КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү болуу үчүн жетиштүү добуш алган жок.
Ал КСДП фракция тарабынан Жылдыз Бакашованын ордуна сунушталган. Жалпы 43 депутат добуш берип, 15 эл өкүлү каршы деп добуш беришти. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов маселе добуш берүүдөн өтпөй калганын айтты.