Садыр Жапаров чек ара кызматынын орун басары жана ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысынын кармалышы боюнча оюн айтты

Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмеси өтүп жатат. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Ал чек ара кызматынын орун басары жана ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысынын кармалышы боюнча оюн айтты.

"Кайсы бир жетекчи өз кызыкчылыгын көздөп, материалдык абалын жогорулатуу үчүн аракет көрсө, андай жетекчилерге орун жок. Кечээ УКМКнын чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары өзү баш болуп камакка алынды. Президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды. Бул ким болбосун коррупция менен аёосуз күрөшүүнүн натыйжасы. Ар бир жетекчинин жүрүм-турумуна баа берилет", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан