Садыр Жапаров: "Кызматта туруп партияга же талапкерге иштесе, кызматтан эле алынып тим болбостон жоопкерчиликке тартылат"

Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмеси өтүп жатат. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

"Өлкөдө коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизе турган кийинки маселе - бул алдыдагы шайлоо кампаниясы. Андыктан шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз, жогорку деңгээлде уюштуруу керек.

Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери шайлоо өткөрүүнүн түрдүү ыкмалары колдонулуп келди.

2020-жылдын октябрь айында өткөн мыйзамсыз шайлоолор, жер-жерлерде ачык эле колдонулган административдик ресурс жана шайлоочуларды акчага сатып алуу фактылары эч кимдин эсинен кете элек.

Бардык болуп өткөн шайлоонун “шайтан оюндары” баарыбызга сабак болушу керек! Мындан ары шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды.

Бул багытта бардык жооптуу кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып, мыйзам бузууларга жол бербешин талап кылам.

Менин алдымда алдыда боло турган шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат. Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайбыз. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып эле тим болбостон жоопкерчиликке дагы тартылат. Райондордо шайлоого кийлигишкен акимдер менен айыл өкмөттөрү эле жооп берип калбайт. Райондук милиция же райондук билим берүү бөлүмү, же мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир саясий партиянын же талапкердин пайдасына тартылып иштеген болсо, эскертип коёюн, жазасыз калбайт!

Мындай фактыларга жол бербөө максатында коомдук көзөмөлдү күчөтүүнү, башка натыйжалуу чараларды көрүүнү Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардан талап кылам.

Ошону менен бирге эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти “люстрациядан” өткөрүүгө шарт түзүп бердик. 36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Мына ошондо парламентке көпчүлүк – силер тандаган, чыныгы элдин колдоосун алган талапкер же партия келет", - дейт ал.

Эми мэр, акимдерди президент дайындайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан