Бүгүн, 22-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы "Белек" ат майданында көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунун жарым финалдык оюндары өтүүдө.
Бүгүнкү оюнда 4 команда финалга чыгуу үчүн күч сынашууда. Алгачкы оюнда Чүй облусу менен Ысык-Көл облусу кез келип, 6:1 эсебинде Чүй облусу финалга чыкты.
Кийинки оюнда Ош-Талас командалары беттешип, бирок биринчи жана экинчи бөлүктө бир дагы команда улакты тай казанга сала алган жок. Үчүнчү бөлүктө бүйүр кызыткан оюндун жыйынтыгы белгилүү болот.