Бүгүн, 22-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы "Белек" ат майданында көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунун жарым финалдык оюндары өтүүдө.
Жарым финалда алгачкылардан болуп Чүй облусу менен Ысык-Көл облусунун улакчылары беттешти. Оюнда биринчилерден болуп Чүй облусунун оюнчусу Болот Азим уулу биринчи бөлүк башталгандан 17 секунд өткөндөн кийин улакты салды.
Бүгүнкү оюнда финалга чыгуу үчүн Чүй облусу - Ысык-Көл облусунун оюнчулары беттешти. Оюндун жыйынтыгында Чүй облусунун улакчылары 6:1 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты.