Бүгүн, 22-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы "Белек" ат майданында көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунун жарым финалдык оюндары өтүүдө.
Оюнда Ош-Талас командалары беттешип, бирок биринчи жана экинчи бөлүктө бир дагы команда улакты тай казанга сала алган жок. Үчүнчү бөлүктө Ош облусунун оюнчусу улакты тай казанга салды. Жыйынтыгында 1:0 эсебинде Ош облусу финалга чыкты.
Эскерте кетсек, бүгүнкү оюнда 4 команда финалга чыгуу үчүн күч сынашты. Алгачкы оюнда Чүй облусу менен Ысык-Көл облусу кез келип, 6:1 эсебинде Чүй облусу финалга чыккан.
24-октябрда финалда Чүй жана Ош облусунун командалары беттешет.