Президент: "Мен бирөөнү каматканга эмес, ажатканага барганга убакытым жок" (хронология)

Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров маалымат жыйын берет. Иш-чара саат 11:00дө резиденцияда башталат.

2021-10-23 14:47:00

Маалымат жыйын жыйынтыкталды.

2021-10-23 14:19:00

"Атамбаев менин убагымда камалган жок. Саясаттын курмандыгы деп айта албайм. Мен саясий курмандык болгом. Менин бир тууганымды, баламды кармашкан. Бул саясий куугунтук болгонун баары билишет", - дейт ал.

2021-10-23 14:07:00

"Мен бирөөнү кама деп буйрук бергенге эмес, ажатканага барганга убакытым жок. Мен баламды тебелеп кеткен адамды кечирип койгом. Анан чүкөдөй кызга эрегишмек белем. Мен Орозайым Нарматованын кармалганын кеч уккам. ИИМден суранып чыгаргам", - дейт ал. 

2021-10-23 14:05:00

"Сындап турган жакшы. Мен министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө дагы айтам, журналисттер менен соттошпогула деп. Эл өзү тараза", - деди Садыр Жапаров.

2021-10-23 13:43:00

Президентке министрлер кабинетинин курамында бир эле айым бар экени айтылды. Садыр Жапаров башка агенттик, кызматтарда айымдар бар экенин билдирди.

2021-10-23 13:10:00

"Фейсбуктагы баракчамды өзүм колдоном. Бирок паролдорду жардамчыларым билишет", - дейт ал.

2021-10-23 13:06:00

"Парламент жакшыбы жаманбы иш алып барды. Мыйзамдарды кабыл алып берди. Акыркы бир жылда жакшы иштеди", - дейт Садыр Жапаров.

2021-10-23 13:02:00

Садыр Жапаров Аскар Акаев "Кумтөр" боюнча күбө катары келип кеткенин белгиледи. "Ал бирөөлөр аркылуу мага чыгыптыр. Акаев мурда күнөөм жок деп айтчу. Фактыларды көргөндөн кийин күнөөсү бар экенин сезди. Башка президенттер менен сүйлөшүү болгон жок", - дейт.

2021-10-23 13:00:00

Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун үчүн резиденцияга жашатып жаткандарын айтты. "Мамлекеттик резиденцияда ким жашай турганын президенттик администрациянын иш башкармалыгы жана мен чечем", - деди ал.

2021-10-23 13:00:00

"Фейсбук дайыма өзүм карап отурбайм. Коомчулукта бир маселе жаралса билдирүү жасайм. Жардамчыларым кээде жазып коёт экен", - дейт президент.

2021-10-23 12:58:00

Президент: "Орхан Инанды 4 жылдан бери аны уурдап кетүү аракет болгон экен. Ага эскертип, күзөтчүлөрдүн санын көбөйтүү сунуш берген", - деди.

2021-10-23 12:52:00

Садыр Жапаров: "10 жыл мурун жакшы кадрларыбызды жоготуп алыптырбыз. Алар чет мамлекетке кетип калышкан. Биздин 15 миң сомдук айлыктарга келбейт экен", - деди.

2021-10-23 12:47:00

Садыр Жапаров "Алтын балалык" фондуна Айгүл Жапарова 500 миң сом бергени боюнча суроого жооп берди. "Айгүл Жапарова сөзгө чоркоктук кылдыбы билбейм. Бул Жапаровдордун үй-бүлөсүнөн берилген каражат. Саламаттыкты сактоо министри дагы бул боюнча айтып койсо болмок", - дейт

2021-10-23 12:45:00

Садыр Жапаров бир дагы журналисттерди куугунтуктабай турганын айтты. "Араңарда куугунтук көргөндөр барбы? Бир дагы журналисттер куугунтуктабайт. Калп маалыматтарды тараткандарды Кудайга койдум", - дейт.

2021-10-23 12:40:00

Президент SUPER.KG порталынын "2017-жылы сиз абакта шок абалында мойнуңуз менен колуңузду кескениңизди билдиргенсиз. Бирок буга сиздин тарапташтарыңыз ишенбейт. Бүгүн ушул жагдайды ачыктап кетпейсизби. Кандай болду эле?" деген суроо берилди. Ал бул саясий окуя экенин айтты. "Атамбаев учурда камакта, ал камактан чыккандан кийин бул боюнча пикирибизди билдиребиз", - деди.

2021-10-23 12:38:00

Президент: "Октябрь окуясында Ташиев менен Жапаров тиешеси бар деп жатышат. Биз бир мекени басып алдыкпы? Мыйзам чегинде гана иш жүргүздүк", - дейт.

 

2021-10-23 12:37:00

Президент Садыр Жапаров SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берди. Президентке редакция тарабынан: "Жаңы түзүлгөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "президенттин саясатын колдогон гана депутаттар менен иштешебиз, калгандарыңар жер тепкилесеңер дагы кылыбыз кыйшайбайт" деп айтты. Бул президенттик администрация, министрлер кабинети алдын ала сүйлөшкөн бирдиктүү пикирби? Президент катары кандай түшүндүрмө берет элеңиз буга?" деген суроо узатылды. "Мен анын сүйлөгөн сөзүн көрдүм, бир аз эмоцияга алдырып койду. Бирок анын ою туура болчу, туура эмес жеткирип алды. Буга чейинки системада дайыма парламент өктөмдүк кылып, аткаруу бийлиги аларга кызмат кылып келген болчу. Эми биз силерге эмес, элге кызмат кылабыз деген эле ойду айтайын деген болчу Байсалов. Ал эми биз 40-50 депутат менен иштешебиз дегени туура эмес, 1000 добуш менен келген депутат болсо да ал элдин өкүлү, биз баары менен иштешүүгө даярбыз. Биз оппозиция менен да, башкалар менен да иштешип жатабыз. Болот экен да иштешсе", - деди Жапаров.

2021-10-23 12:33:00

Садыр Жапаров: "Бир аким бир талапкерге иштеп жатыптыр кызматтан алынат", - дейт

2021-10-23 11:11:00

Президент коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш алып барып жаткандарын айтты.

2021-10-23 11:10:00

Садыр Жапаров: "Инвестиция өнүктүрүү фонддору түзүлдү. 350 чакан ишканалары ишке кирди" - дейт.

2021-10-23 11:02:00

Садыр Жапаров: "Жогорку Кеңешке калк арасынан суурулуп чыккан өкүлдөрүнүн келишине жол ачып жатабыз", - дейт ал.

2021-10-23 10:04:00

Журналисттер маалымат жыйын өтө турган жерге келишти. Азыркы учурда маалымат жыйынга карата даярдыктар көрүлүүдө.

2021-10-23 09:00:00

Журналисттер үчүн кофе-брейк уюштурулду.

2021-10-23 08:30:00

Учурда Кыргыз драма театрында журналисттер чогулууда. Иш-чарага катышуу үчүн 160 журналист аккредитациядан өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан