Садыр Жапаров түрмөдө моюну кесилген окуя боюнча: "Атамбаев азыр камакта жатканда бул тууралуу айтканга болбойт"

Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. SUPER.KG порталы тарабынан: "2017-жылы сиз абакта шок абалында моюнуңуз менен колуңузду өзүңүз кескениңизди билдиргенсиз. Бирок буга сиздин тарапташтарыңыз ишенбейт. Бүгүн ушул жагдайды ачыктап кетпейсизби. Кандай болду эле?" деген суроону узатты.

"Бул эми өтө чоң саясий маселе. Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаев өзү камакта жатат. Мурда дагы айткам, азыр дагы айтам. Муну ал камакта жатканда айтканга болбойт. Ал чыккандан кийин бул тууралуу айтайын", - деди Жапаров.

2017-жылы апрель айында "Элдик кабар" рубрикасына Садыр Жапаровдун моюну, колу кесилген сүрөттөрү жарыяланган. Көп өтпөй ошол кезде Жапаровго жактоочулук кылган Шарабидин Токтосунов: "Жапаровду колун, моюнун өзү кести дешти, бул акылга сыйбаган нерсе. Аны өлтүрүү аракеттери болгон деген ой келет" деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан