Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу үчүн аны резиденцияга жашатып жаткандарын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйынында билдирди.
"Мамлекеттик резиденцияда ким жашай турганын президенттик администрациянын иш башкармалыгы жана мен чечем. Мамлекет үчүн иштеп жаткандардын коопсуздугун карашыбыз керек. Ташиевдин коопсуздугу үчүн аны резиденцияда жашатып жатабыз", - деди ал.