Айгүл Жапарова "Алтын балалык" борборуна бөлгөн 500 миң сомду кайдан алды? Президенттин жообу

Жакында эле Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна кайрымдуулук марафону өтүп, анда биринчи айым Айгүл Жапарова 500 миң сом борборго бөлүп бере турганын айткан болчу.

Бүгүн, 23-октябрда президенттин маалымат жыйынында журналисттер Айгүл Жапарова бул каражатты кайдан алганына кызыгышты. Өлкө башчысы: "Бул каражат жалпы Жапаровдордон чогултулган акча болчу. 11 үй-бүлө 50 миң сомдон чогултканбыз. Ал толкунданып кетип, каражат жалпы Жапаровдордун атынан экенин айтууну унутуп калган чыгар", - деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан