Садыр Жапаров камакка алынган ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысын кызматтан бошотту

Таалайбек Апенов президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы 170 миң сом пара алып жаткан жерден кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан