Министрлер кабинетинин түзүмүнө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кошулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров "Президенттин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Аталган жарлык менен президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы "Министрлер кабинетинин түзүмү, курамы жана президенттик администрациясынын түзүмү жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизилет.
Бул жарлык санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигин министрлер кабинетинин түзүмүнө киргизүүнү карайт.